Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

Өнөктөштөр менен жолугушуу

2023-жылдын 17-апрелинде Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад областтык комитетинин төрагасы А.Исмаилов жооптуу кызматкерлери менен Токтогул райондук билим берүү бөлүмүн башчысы Д.Сулпукорова жана Кара-Көл шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Мырзалиевалар менен жолугушту.

Жолугушууда билим берүү тармагындагы көйгөйлүү маселелер, кесиптик бирлик уюмунун ишмердүүлүндөгү биргелешкен иш аракеттер, алдындагы милдеттер тууралуу кеңри талкуулар болду. Талкууда А.Исмаилов билим берүү кызматкерлеринин социалдык-экономикалык маселелерин чечүүдөгү өнөктөштүк иштерди жакшыртуу багытындагы чараларды сунуштады.

Социалдык өнөктөштөр: Д.Сулпукорова, А.Мырзалиева кесиптик бирлик уюмдарынын иштериндеги көйгөй болгон иштерди биргеликте чечүү боюнча ой-пикирлерин билдиришти. Жыйынтыгында өнөктөштүктү өркүндөтүү чараларына макулдашылды.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Жалал-Абад областтык комитетинин инспектору А.Айдаров