Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

Өнөктөштөр менен жолугушуу

КР Билим жана илим кызматкерклеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин жооптуу кызматкерлери 18-21-майында Талас областындагы иш сапарында аймактык билим берүү уюмдарында болушуп, аларга социалдык колдоо, айлык акынын төлөнүшү, эмгек өргүүлөрдүн уюштурулушу жана башка маанилүү маселелер боюнча жолугушууларды уюштурушту.

Алгач жолугушуу Манас, Кара-Буура райондорунан башталды. Манас райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы З.Маркашов, кесиптик бирликтин Кара-Буура райондук комитетинин төрайымы Р.Абдыжапарова билим берүү уюмдарында жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө айтып беришти. Жолугушууда райондордун билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарында эмгектенген мугалимдерге тарбиячыларга жана кенже кызматерлерге көрсөтүлүп жаткан иш-чаралар менен таанышуу болду. Кызматкерлердин эмгек акылары, дем берүүчү гранттын убагында төлөнүшү, эмгекке жарамсыздык баракчалардын төлөнүшү жана мектеп, бала бакчалардын директорлорунун эмгек өргүлөөрү боюнча көптөгөн суроолорго жооптор берилди.

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин жооптуу кызматкерлери ушундай жолугушуусу Кара-Буура районунун Ж.Субанбеков жана М.Акымбеков атындагы орто мектептеринин педагогикалык жамааттары менен болуп өттү. Ага Кара-Буура райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы С.Жарманбетова, кесиптик бирликтин райондук комитетинин төрайымы Р.Абдыжапарова катышты. Алар мугалимдердин эмгек шарттары, жайкы өргүү жана башка маселелер боюнча пикир алмашышты.

Ушундай эле жолугушуулар 20-майда Бакай-Ата, Талас райондорунда жана Талас шаарында улантылды. Жолугушуунун катышуучулары кесиптик бирликтин Борбордук комитетинин жооптуу кызматкерлерине өзүлөрү кызыккан маселелер, көйгөйлөр жөнүндө ынанымдуу, далилдүү жоопторду, кеп-кеңештерин беришкендиги, практикалык жардам көрсөткөндүктөрү үчүн терең ыраазычылык билдиришти жана мындай иш-чаранын пайдалуу экендиктерин баса белгилешти.

Ал эми 21-майда Талас облусунун райондук жана шаардык кесиптик бирлик комитеттеринин кызматкерлерине, кесиптик бирлик мүчөлөрүнө жана социалдык өнөктөштөргө кеңейтилген семинар өткөрүлдү. Семинар Талас мамлекеттик университетинин базасында өткөрүлдү.

 

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Борбордук комитети