Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

Өнөктөштүк өркүндөйт

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад областтык комитетинин  2024-жылдын иш планына ылайык, областтык  комитеттин төрагасы А.Исмаилов, жооптуу кызматкери А.Айдаров 2024-жылдын 29-январь-5-февраль күндөрү иш сапары менен Токтогул, Ноокен  райондорунда, Таш-Көмүр шаарындаболушту.

Иш сапарда социадык өнөктөштөштөр: Токтогул райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.К. Боржуева, Ноокен райондук билим берүү бөлүмүн  башчысы Н.К.Олжобаев, Таш-Көмүр шаардык билим берүү бөлүмүн башчысы М.И.Элеманов менен жолугушуулар болду.

Ал жолугушууларда областтык комитеттин  төрагасы  А.Исмаилов  өнөктөштөр  менен макулдашууларды түзүүдө билим  берүү  кызматкерлеринин   социалдык-экономикалык, укуктук, ден-солукту чыңдоо, эмгекти стимулдаштыруу багытындагы иштерге өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.

Борбордук комитеттин кезексиз Пленумунун (09.01.2024-жыл), онлайн президиумунун (26.01.2024-жыл) токтомдорун жана “Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин ишмердүүлүгүн 2024-2029-жылдарга өнүктүрүү программасын” ишке ашырууда өнөктөштөр менен биргеликте аткарылуучу иш-чаралар талкууланып, милдеттер аныкталды.

Өнөктөштөр тарабынан кесиптик бирликтин Уставдык талаптарын аткарууда бирдиктүү иш-аракеттерди жүргүзүү макулдашылды.

 

 

Маалыматты даярдаган: А.Айдаров – кесиптик бирликтин Жалал-Абад областтык комитетинин инспектору