Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

“Мыкты окутуучу - 2021" сынагы

Ош мамлекеттик педагогикалык университеттин  профессор-окутуучулар жамаатынын арасында “Мыкты улук окутуучу” жана “Мыкты окутуучу” аталышындагы конкурс жүрүп жатат. Бул сынакка окуу жайдагы бардык доценттер, улук окутуучулар жана окутуучулар катышууда, жобого ылайык сынак 2-тур менен өтөт.

Ош мамлекеттик-педагогикалык университетинин билим берүү процессинин сапатын тереңдетүү, профессордук окутуучулук курамдын ишмердигинин эффективдүүлүгүн жогорулатуу жана педагогикалык ишмердүүлүгүн стимулдаштыруу максатында өткөрүлүп жаткан конкурстун жыйынтыгы менен окутуучулар аныкталат. Конкурстун биринчи этабын факультеттер, колледждер арасында болуп, анын жеӊүүчүлөрү экинчи этапта, жалпы университеттин конкурсуна катышышат. Анын жыйынтыгын атайын комиссия чыгарат.   

Мында катышуучулардын 2019-2020-окуу жылындагы жана 2020-2021-окуу жылынын биринчи жарым жылындагы иштердин жыйынтыгы каралат. Аталган конкурс университеттин “Сапат” бөлүмү тарабынан уюштурулуп, ректорат тарабынан колдоого алынган жеӊүүчүлөргө орундарды ээлегендерге ноутбук, планшет, телефон ж.б. тапшырылат.

 

Маалыматты даярдаган: ОшМПУнун маалымат бөлүмүнүн башчысы Жылкычы уулу Кубанычбек