Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

«Маданият Мунарасы» долбоору

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, КРнын Улуттук илимдер академиясы, Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясы, CWARice эл аралык уюму, “Инсан” коомдук фонду жана ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технологиялык жана билим берүү институту тарабынан  Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата “Маданият Мунарасы” долбоорунун алкагында  “Тарыхый жана агроэкотуризм туруктуу өсүү жолунда:  стратегиялар жана өнүгүү демилгелери”  аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүлдү.

“КР Жогорку Кеңешинин төрагасынын орун басары А.К.Касымалиева жана Жогорку Кеңештин депутаттары, КР Улуттук илимдер академиясынын академиги Б.Мурзубраимов, түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык Кеңешинин, ТүркПАнын өкүлдөрү, Евразия жазуучулар союзунун жетекчилиги жана башка эл аралык жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү, коомдук ишмерлер, ОшТУнун, ОшМУнун, ОшМПУнун окумуштуулары катышты. Ал эми бир канча өлкөдөн (Түркия, Иран, Азербайжан, Малайзия ж.б.) илимпоздор онлайн режиминде катышышты. Эл аралык илимий-практикалык конференцияда Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын окутуучусу Н.К.Жалилова «Өзгөн күрүчүнө байланыштуу лексика» деген темада баяндама жасады. Ал катышуучулардын көңүлүн  өзүнө бурду - дейт  ЖАМУнун илимий иштер боюнча проректору, т.и.к. С.Ж.Куваков. Ошондой эле илимий макала конференция боюнча жыйнакка да жарыяланат.  

 

Маалыматты даярдаган: ЖАМУнун КБКнын кызматкери Н.Баитовва