Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

Кызыл-Кыя шаарында “Окуу керемет” долбоору боюнча модулдар жыйынтыкталды

Аталган долбоордун негизинде 2021-жылдын 11-февралынан 2021-жылдын 5-июнуна чейин шаардагы 13 мектептин бардык башталгыч класстарынын мугалимдери тренингден өтүштү.

Тренингдер онлайн форматта өтүлүп, долбоордун улуттук тренерлери тарабынан окутулган программалардын сабактарда колдонулушуна байкоо жүргүзүлдү. Сабактарды байкоо Tangerine программасынын негизинде жүргүзүлдү.

Сабактарга байкоолордун негизинде сессия аралык практикум өткөрүлүп, онлайн форматта алган билимдер реалдуу режимде бышыкталып, катышуучуларда пайда болгон суроолорго жооптор өз убагында берилип турду.

Катышуучулар ар бир модулдун аягында жыйынтыктоочу тестирлөөдөн өтүшүп, билимди кандай өздөштүрүшкөндүгүн көрсөтүштү.

Долбоордун улуттук тренерлери сабактарга байкоого барганда жалпы билим берүүчү мектептердин мугалимдери тарабынан  мындай тренингдерди башталгыч класстардын мугалимдери үчүн гана өткөрбөстөн, 5-11-класстардын мугалимдерине да уюштуруу сунуштары берилди.

Мындай тренингдерди уюштуруу, өткөрүп туруу аркылуу билим  берүүдөгү жаңылануулар, инновациялык усулдар мугалимдерге жайылтылып, билим берүүдө замандан артта калбай, учур талабына ылайык билим берүүгө мугалимдердин умтулуусун пайда кылат.

 

Маалыматты даярдаган: Кызыл-Кыя шаардык билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Ж.Душобаева