Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

Кызыл-Кыя шаарында мектеп тамагын жакшыртууга багытталган областтык семинар-тренинг өткөрүлдү

Семинар-тренинг Бириккен улуттар уюмунун “Бүткүл Дүйнөлүк Азык-түлүк” программасынын алкагында өтүп, ага Баткен областынын мектеп тамагына жооптуу кызматкерлери, санитардык-эпидемиологиялык кызматтардын өкүлдөрү жана Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун туура тамактануу боюнча кеңешчилери катышты.

Семинар-тренингге жалпы 15 катышуучу катышып, мектептеги эң актуалдуу болгон ысык тамак берүүдөгү көйгөйлөрдү чечүү жолдору талкууланды.

Семинар-тренингдин башталышында катышуучулардан ысык тамак берүүдөгү көйгөйлөр аныкталып, семинар-тренингдин жүрүшүндө катышуучулардын суроо-талаптарына жооптор берилди.

Мындан тышкары өтө маанилүү деп саналган “Өндүрүштүк көзөмөл” журналын толтуруу жол-жоболору үйрөтүлдү.

Семинар-тренингдин аягында тамактардын перспективалык менюсун түзүү үчүн катышуучулар топторго бөлүнүп, меню, меню-раскладка түзүү, калькуляциясын чыгурууну практика жүзүндө көрсөтүп, кемчиликтерди оңдоо боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун “Бүткүл Дүйнөлүк Азык-түлүк” программасынын кызматкери тарабынан сунуштар берилди.

Мындай семинар-тренингдерди уюштуруу жалпы билим берүүчү мектептердеги башталгыч класстарына ысык тамак берүүгө жооптуу кызматкерлердин билимин өркүндөтүү, маалыматтулугун жогорулатуу аркылуу, коопсуз тамак берүү чөйрөсүн түзүү болуп саналат.

 

Маалыматты даярдаган: Кызыл-Кыя шаардык билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Ж.Душобаева