Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

Кызматкерлер ортосунда спорттук мелдеш өтүп жатат

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде профессордук-окутуучулук курам жана административдик чарба кызматкерлери ортосунда спорттун шахмат, тогуз коргоол жана волейбол түрлөрү боюнча  мелдеш өтүп жатат. Мелдеш Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы” жөнүндө жарлыгына ылайык 18-май университеттин күнүнө карата жалпы эмгек жамааттын ынтымагын, ден-соолугун чыңдоо, сергек жашоого үндөө жана окуу жайдын спорттук курама командаларын бекемдөө максатында ректорат, кесиптик бирлик комитети жана Дене-тарбия факультети тарабынан уюштурулду.

Аталаган спорттук иш-чаранын ачылуу аземине ректор Бекмурза Зулуев катышып, мелдештин жогорку атандашуу менен өтүшүнө тилектештигин билдирип, факультеттердин намысын коргоого чыгып жаткан спортчуларга ийгилик каалап өттү. Ошондой эле ректор жалпы байге фонду үчүн 60 миң сом акча каражаты бөлүнгөнүн эскертип,  жеңүүчүлөр менен бирге мелдешке уюштуруу жагынан активдүү катышкан факультеттер, таймаш учурунда кызыктуу оюн көрсөткөн спортчулар, улуу муундагы катышуучулар өзгөчө эске алынаарын баса белгиледи.

Белгилей кетсек мелдештин бардык турлөрүнө жалпы беш факультеттен, колледжден жана администрациядан  командалар катышып, учурда таймаш кызуу жүрүүдө. Оюн 14-15-май күндөрү болуп, жеңүүчүлөр, мыкты оюнчулар май айынын соңунда болуучу жыл жыйынтыктоо кечесинде атайын белектер, акчалай сыйлык жана дипломдор менен сыйланышат.

 

Маалыматты даярдаган: ОшМПУнун маалымат бөлүмүнүн башчысы Жылкычы уулу Кубанычбек