Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

Кыргызстандын мыкты студенттери аталды

2-октябрда Бишкек шаарында “Кыргызстандын мыкты студенти – 2021” кароо сынагынын жыйынтыктоо аземи болуп, анда Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин студенттери жеңишке ээ болушту.

Эл аралык "БОБЕК" улуттук кыймылы Эл аралык студенттер ассоциациясы жана КРнын Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте "Кыргызстандын мыкты студенти-2021" аталышындагы таланттуу жаштардын китеп коллекциясын чыгарууга өлкөбүздөгү жогорку окуу жайлардын студенттерини арасында сынак жарыялаган. Аталган сынакка Кыргызстандагы жогорку окуу жайларынын студенттери, анын катарында Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин мыкты студенттери да катышып, окуу жайга сыймык алып келишти. 12-августтан 5-сентябрга чейин созулган сынактын жыйынтыктоочу бөлүгү 4-октябрда борбор калаабыздын И.Арабаев атындагы КМУнун китепканасында сыйлоо аземи менен коштолду.

Университеттин студенттери Эргешбай уулу Давыт, Баатырбек кызы Жылдызкан, Өсөрбек кызы Айгерим, Советбек кызы Буниса, Эркебаева Жыпаргүл, Камчибеков Бакытбек катышып 2-даражадагы диплом, төш белги менен сыйланышты. Ошондой эле Кыргызстандын мыкты студенттеринин жетишкен ийгиликтери чагылдырылган журнал да тапшырылды.

Белгилей кетсек сыйлыкка жеткен мыктылар буга чейинки жараткан ийгиликтери, окуудагы жана коомдук иштердеги жетишкендиктеринин негизинде тандалып алынган.

 

Маалыматты даярдаган: ОшМПУнун басма сөз кызматы