Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

"Кыргызстандагы элдик революциялар: себептери, сабактары жана жыйынтыктары"

2021-жылдын 1-апрелинде Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун профессор Ш.М.Ниязалиев атындагы «Философия жана гуманитардык илимдер» кафедрасы «Кыргызстандагы элдик революциялар: себептери, сабактары жана жыйынтыктары» аталышында онлайн форматында республикалык илимий-практикалык конференция өткөрдү.

Конференцияга тарых илимдеринин докторлору, профессорлор Т.Кененсариев, Т.Чоротегин, А.Бикбулатова жана тарых илимдеринин кандидаттары, ОшМУнун доценттери Т.Жаркынбаев, А.Мурзакматов, С.Арстанов, Г.Анарбаева, С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин доценти, т.и.к. Г.Эсеналиева, К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинин профессору Ж.А.Дуйшеев, НИМСИнин доценти, т.и.к. В.Э.Анарбековна, катышышты.

Конференциянын жүрүшүндө соңку мезгилдеги элдик ыңкылаптар массалык саясий кыймыл болуп, кеңири масштабдагы өзгөрүүлөргө алып барат деген мүдөөлөр менен коштолуп, ири социалдык-саясий реформаларды талап кылган саясий толкундоолор экендиги белгиленди.

Белгилүү окумуштуулар “Революция” терминин элдик ыңкылап деп атоого толук негиз бар экендигине токтолушуп, анын мааниси бир сапаттан экинчи сапатка өтүүсүн жана өзгөрүүсүн түшүндүрө тургандыгына токтолушту.

Конференциянын жыйынтыгында эл мурдагы авторитардык системадан жаңы демократиялык системага өтүүгө чоң мүмкүнчүлүк түзүшкөндүгү, ыңкылапдагы башка улуттардын орду, Нарын чөлкөмүндө өткөн революциялардын өзгөчөлүктөрү, Аксы окуясы тууралуу бир катар жаңы маалыматтар айтылды.

 

 

Материалды даярдаган: ЖАМУнун профкомунун кызматкери Нуржан Баитова