Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

Колледждер аралык спартакиада болуп өттү

Ош мамлекеттик университетинде атайын биринчи курстар үчүн колледждер аралык спартакиада болуп өттү. Мелдеште спроттун он бир түрү ойнотулду. ОшМУнун кесиптик  бирлиги спортчуларга колдоо көрсөтүп, алдыңкы орундагы оюнчуларга белектерди тапшырды. ОшМУда студенттер арасында өткөрүлгөн спартакиадада Медициналык колледждин студенттери жалпы командалык эсепте 1-орунду камсыз кылышты.

Футбол: 1-орун; Волейбол: кыздар 1-орун; эркектер 2-орун; Стол тенниси:
кыздар 1-орун; эркектер 1-орун; Ордо: 2-орун; Баскетбол: кыздар 1-орун; эркектер 1-орун; Тогуз коргоол: кыздар 1-орун; эркектер 4-орун;

Экинчи орунда ОшМУнун Финансы юридикалык колледжи жана үчүнчү орунду ОшМУнун индустриалдык колледжи  багындырды. Жалпы спортчу студенттерди кызуу куттуктайбыз!

 

Маалыматты даярдаган: ОшМУнун КБКнын башкы адиси А.Айтыкулова