Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

КМУ кайрымдуулук акцияга катышты

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Педагогика жана психология институту КМУнун кесиптик бирлик комитети менен биргеликте ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдоонун эл аралык күнүнө карата кайрымдуулук акциясы өттү.

Кайрымдуулук акциясы 2003-жылы Кеңеш Тилекеев жетектеген дефектология факультети университетте атайын билим берүү уюмдарын колдоо боюнча иш-чара өткөрүү демилгесинен кийин башталган. Ошондон бери жыл сайын университеттин жетекчилиги, бардык түзүмдүк бөлүмдөрдүн кызматкерлеринин колдоосу, Педагогика жана психология институтунун студенттеринин жана окутуучуларынын аракети менен салтка айлангандай кайрымдуулук акциясы өткөрүлүп, анын алкагында балдарга арналган концерттик номерлер, Бишкек шаарында жайгашкан атайын мектепке чейинки билим берүү уюмдары жана мектептер үчүн белектердин жана каражаттарды чогултуу ишке ашырылып келет.

Быйылкы акцияга Бишкек шаарынын алты атайын мектеби, тогуз атайын бала бакчасынан 120 бала келип, өз өнөрлөрүн көрсөтүштү. Алар: Дүлөй балдар үчүн жалпы билим берүүчү атайын жатак-мектеп, Начар уккан жана кеч укпай калган балдар үчүн жалпы билим берүүчү  атайын жатак-мектеп, Азиз жана начар көргөн балдар үчүн жалпы билим берүүчү  атайын жатак-мектеп, №30,34,22-көмөкчү мектептердин окуучулары.

Атайын мектептердин кол өнөрчүлүлөрүнүн көргөзмөсү да уюштурулду. Педагогика жана психология институтунун Атайын педагогика жана психокоррекция кафедрасынын окутуучулары тарабынан фандрайзинг жүргүзүлүп, акцияга эл аралык, коомдук фонддордун өкүлдөрү да чакырылган.

Натыйжада, “Элим барсыңбы” коомдук кайрымдуулук фондунун төрагасынын орун басары 120 балага таттуу белектерди жана жылуу баш кийим тартуулады. Мындан тышкары, жеке ишкерлер бала-бакча жана мектептер үчүн оюнчук жана китептерди тапшырды.

Акциянын жыйынтыгында, университеттин жетекчилиги, бардык түзүмдүк бөлүмдөрдүн кызматкерлери,  студенттер  жана окутуучулардан, спонсорлордон чогултулган каражат 265000 сомду түзүп, келген 15  билим берүү уюмдарына бөлүштүрүлүп берилди.

 

Маалыматты даярдаган: Айгерим Токтобаева, “Кут Билим”

https://kutbilim.kg/news/inner/kmu-kayrymduuluk-aktsiyaga-katyshty/