Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

Китеп-сага акыл-ой кубат берет, Билимдүүгө түгөнгүс байлык берет

23-апрель Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүн утурлай Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун китепканасында атайын иш-чара болуп өттү.

Жыл сайын салтка айланып белгиленген бул саамалык окуу жайдын китепкана кызматкерлери тарабынан уюштурулуп, мында Гуманитардык факультеттин студенттери өз чыгармачылыктарын көрсөтүштү.

Иш-чаранын жүрүшүндө китеп тууралуу фактылар, кызыктуу маалыматтар жана ырлар айтылып, акыркы учурларда китеп дүйнөсүнөн алыстап бараткан жаштарды кайрадан китеп окууга үндөө максатында абдан жакшы сунуштар айтылды.

Окуу жайдын Колледжинин китепкана башчысы Карамат Каралаеванын айтымында бул сыяктуу иш-чаралар ар дайым уюштурулуп турат. Бул менен гана чектелбей шаардык, облустук китепканалар, китеп дүкөндөрү менен тыгыз байланышта иш жүргүзүп турушат. Окуу жай жетекчилиги студенттер муктаж болгон китептер менен камсыздап, жыл сайын китепканага жаңы китептер алынаарын кошумчалады. Мындан сырткары студенттердин сурамжылоосуна ылайык атайын китеп жарманкеси уюштурулуп, китептер сатыкка чыгаарын да айтып өттү.

Иш-чаранын соңунда уюштуруу тобу бүгүнкү кечеге активдүү катышкан жана китеп окурмандарына өз белектерин тапшырышып,  билимге умтулган жаштарга, китеп сүйүүчүлөргө ар дайым эшик ачык экенин баса белгилеп кетишти.

 

 

Маалыматты даярдаган: ОГПИнин маалымат бөлүмүнүн башчысы Жылкычы уулу Кубанычбек