Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

Кароосуз калган балдарды социалдык коргоо

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Жалал-Абад  колледжинин баштапкы кесиптик бирлик уюмунун сунушу менен “Мектепке чейинки билим берүү жана социалдык иштер” ПЦКсынын окутуучусу Анарбай кызы Айтбү тарабынан Социалдык иш адистигинин бүтүрүүчү студенттери менен биргеликте “Конок-лекция” иш-чарасы өткөрүлдү.

Бул иш-чарага  Сузак районуна караштуу пробация органынын жетектөөчү адиси, кенже инспектор Кочкорова Айтурган келип, “Кароосуз, көзөмөлсүз калган балдарды социалдык коргоо” деген темада конок-лексия өтүп берди. Лекция учурунда студенттер өздөрүнө кызык болгон суроолорун беришип, канааттанаарлык жоопторду ала алышты жана коомдун аялуу катмарын түзгөн  балдарга кам көрүү ар бирибиздин милдетибиз дешип, аларды социалдык жактан коргоо зарылчылыгы күн тартиби экендигин  түшүнүштү. 

 

Маалыматты даярдаган: ЖАМУнун кесиптик бирлигинин кызматкери Н.Баитова