Кара-Суу райондук профсоюз комитетинин катарына № 66 В.И.Ленин атындагы орто мектебинин жамааты кайрадан кошулушту
Кара-Суу шаарында жайгашкан №66 В.И.Ленин атындагы орто мектеби 2010-жылдан баштап Кара-Суу райондук профсоюз комитетинен чыгып, өз алдынча профсоюз уюм болуп иш жүргүзүп келишкен.
2014-жылдын 10-апрелинде жалпы өндүрүштүк чогулушу болуп, №66 В.И.Ленин атындагы орто мектебинде эмгектенген 28 мугалим менен 27 техникалык кызматкерлери ыктыярдуу түрдө Билим берүү кызматкерлеринин Кара-Суу райондук профсоюз комитетине кайрадан мүчө болуп кошулушту.