Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

"Изилдөө усулдарын окутуу" курсу

Ысык-Көлдүн жээгинде “Изилдөө усулдарын окутуу” курсу боюнча жайкы окуулар жүрүп жатат. ОшМУнун илимий-изилдөө бөлүмү тарабынан Ысык-Көлдөгү “Рахат” пансионатында “Изилдөө усулдарын окутуу” курсу боюнча “Жайкы мектеп” уюштурулду. Ага кесиптик бирлик комитети тарабынан беш күнгө акысыз жолдомо берилди. Аталган жайкы мектепке окуу жайдын 42 окутуучусу катышып жатат.

Катышуучулар, тренерлер Казакстандын Сулейман Демирел университетинин илимий изилдөөлөр боюнча проректору Кайрат Молдашев, Назарбаев университетинин Билим берүү жогорку мектебинин профессору Дүйшөн Шаматов жана Борбордук Азиядагы Америка университетинен социалдык изилдөөлөрдүн методологиялары, маалыматтарын иштеп чыгуу жана талдоо боюнча адиси Мехригүл Аблезова жана Эркин өнөр жана илимдер факультетинин деканы Данияр Карабаевдерден билим алышат.

Курстун катышуучулары изилдөө усулдары боюнча негизги түшүнүктөр, теориялар, принциптер, сапаттык, сандык жана аралаш методдорду боюнча маалымат алышып, изилдөө процесси, максаты, суроолору, изилдөөнүн дизайны, маалымат чогултуу жана талдоо, изилдөө этикасы, жана башка темалар боюнча билим, тиажрыйба алышат. Окутуучулар “Жайкы Мектепте” каралуучу темаларды өз дисциплиналарына ылайыкташтырып, курстун аягында ар бири өзүнүн тармагына ылайык изилдөө методдору боюнча курстун силлабусун иштеп чыгышат. Жайкы мектеп 3-июлдан 8-июлга чейин уланат.

 

Маалыматты даярдаган: ОшМУнун кесиптик бирлик комитети