Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

Иштиктүү жолугушуу

Шейшемби күнү, 2024-жылдын 6-февралында Кыргыз Республикасынны Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин төрагасы Султанбаев Абдыкадыр Дарданович Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, тарых илиминин доктору, УИАнын корреспондент мүчөсү, профессор Төлөбек Абдырахманов, окуу жайдын кесиптик бирдигинин төрагасы Кубанычбек Жумабеков ж.б. менен жолугушту.

Иштиктүү маанайда өткөн жолугушуунун жүрүшүндө улуттук университеттин ректораты менен кесиптик бирлигинин ортосундагы жамааттык келишимдин шарттарын так сактоо, ынтыксыз аткаруу тууралуу олуттуу пикирлешүү болду.

Кесиптик бирликтин Борбордук комитетинин төрагасы А.Д.Султанбаев Улуттук университеттин профессор-окутуучуларынын эмгектик укутарын сактоо, алардын иш-шарттарын жакшыртууга, эмгек акыларын өз убагында төлөө, жогорулатуу, алдыда турган эс алуу мезгилин талаптагыдай уюштуруу маселелерине, эки тараптуу жамааттык келишимдин аткарылышына өзгөчө көңүл буруунун маанилүүлүгүн белгиледи. Мында «Университет» эс алуу жайынын жайкы эс алуу мезгилине даярдыгына талаптагыдай жүргүзүү баса белгиленди. Мындан ары ректорат жана кесиптик бирлик комитети биргелешкен иш-чараларды өткөрүүгө көңүл бурулду.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Борбордук комитети