Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

Исхак Раззаков - улуттун улуу инсаны

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик унивеоситетинде   саясий илимдеринин доктору, профессор Ж.Ж.Жоробековдун "Исхак Раззаков улуттун улуу инсаны" китебинин бет ачаары уюштурулду.

Иш-чаранын жүрүшүндө китептин автору Ж.Жоробеков Исхак Раззаков жөнүндө белгилүү жана белгисиз болгон  маалыматтары менен бөлүштү. Ж.Ж.Жоробековдун китеби менен таанышып чыгышкан илимпоздор т.и.к, профессор Э.Ж.Сулайманов, т.и.к., доцент Э.А.Авазов, ф.и.д., профессор М.М.Эдилова, ф.и.к., доцент Г.Т.Токтогуловалар илимий жана илимий популярдуу китептердин катарын толуктай тургандыгын, тарыхый булакнаамалык, тарыхнаамалык маалыматтар бар экендигин, чынында И.Раззаков улуттун лидери боло алгандыгын, мамлекеттүүлүктүн калыптанышында, билим алуу багытында, социалдык маселелерди чечүүдө орду чоң экендигин белгилешип, ошондой инсандын тарыхтагы баасын берүүгө өз салымын  кошкон авторго ыраазычылык билдиришти.

 

Маалыматты даярдаган: ЖАМУнун КБКнын кызматкери Н.Баитова