Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

Илимий-практикалык конференция өттү

Көрүнүктүү манасчы, семетейчи Жаңыбай Кожек уулунун 150 жылдыгына жана 4-декабрь “Манас күнүнө” карата Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун мамлекеттик тил бөлүмү, кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын кызматкерлеринин жана филология факультетинин кесиптик бирлик уюмунун жетекчиси Д Алимаматованын уюштуруусу менен “Манас жана манасчылык өнөрдүн табияты” аттуу республикалык илимий-практикалык конференция өткөрүлдү.

“Ой ордосу – “Манаста” аталыштагы слайдда кыргызга белгилүү манасчылар манас айтышып, көрүнүктүү окумуштуулардын “Манас” жана манасчылык өнөрдүн табияты жөнүндөгү ойлору чагылдырылды. (Калыбаева М.К. – Ч.Айтматов атынд. Тил жана адабият таануу институтунун проф., ф.и.д., Айталиева Т.К. – ТалМУнун доценти, ф.и.к., Жамгырчиева Г. – ОшМУнун профессору, ф.и.д.), Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун профессору, ф.и.д. Абдувалиев И.А. “Манас” эпосунун тили тууралуу сөз”деген темада баяндама жасады. Ушул эле бөлүктө Т.Тыныбеков атындагы филармониянын режиссер-сценаристи, манасчы Алимбай Маатов менен студент Шерикбай кызы Айдай манас айтышты.

 “Манас” темасына байланыштуу окумуштуулардын баяндамалары окулду. Алар “Манас” эпосунун тили, “Манас” эпосу – тарыхый этнографиялык булак”, “Сейдененин семетейчилик өнөрү”, “Эр Табылды” эпосунун сюжеттик көрсөткүчү”, “Эр Табылды” эпосунун тематикалык көрсөткүчү”, “Манас” эпосундагы чечендик сөздөр” темаларын камтыган кызыктуу баяндамалар болду.

“Манас” боюнча викториналык суроо-таймаш берилди. Жыйынтыгында мыкты баяндамачыларга, манас айтуучуларга, активдүү катышкандарга дипломдор берилди.

 

Маалыматты даярдаган: ЖАМУнун КБКнын кызматкери Н.Баитова