Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

Илимий-практикалык конференция болду

Ош мамлекеттик университетинде «Ислам тынчтыктын тиреги» аттуу илимий-практикалык конференция болуп өттү. Иш-чарага Кыргызстандын муфтийи Замир Ракиев, Кыргызстандын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Тойгонбай Абдыкаров, Россия Федерациясынын муфтийлер кеңешинин төрагасынын орун басары Дамир Муххединов, Ташкент шаарындагы борбордук «Убай ибни кааб» мечитинин имамы Абдулхаким Маткулов, Казакстандын муфтийи Наурызбай Утпинов, Түркия элчисинин дин иштери боюнча кеңешчиси Мүрсел Өзтүрк жана ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков, теология факультетинин окутуучулары, студенттери катышты. 

Конференцияда Россия, Казакстан, Өзбекстан, Түркия мамлекеттеринен келген дин аалымдары жана эксперттер баяндама жасашты. Конференциянын алкагында дин аалымдары Ош шаарындагы жогорку окуу жайларда, мечиттерде, окуу борборлорунда лекция окушат.

 

 

Маалыматты даярдаган: ОшМУнун КБКнын башкы адиси А.Айтыкулова