Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

ЭЛДИК РЕВОЛЮЦИЯГА 11 ЖЫЛ!

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университеттинин жетекчилери, факультеттердин декандары, колледждердин директорлору, бөлүм башчылары Жалал-Абад шаарынын борбордук “Эркиндик” аянтында 7-апрель – Элдик революциясынын 11 жылдыгына карата уюштурулган иш-чарага катышышты.

КРнын Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү, облус башчысы Абсаттар Сыргабаев, шаар мэри Эрнисбек Ормоков, элдик көтөрүлүштүн катышуучулары, коогалаңда каза болгондордун жакындары, мекеме-ишканалардын эмгек жамааттары жана шаар тургундары катышып, Курман болгондорго куран окулуп, гүл чамбарлар коюлду.

Сөзгө чыккан жолдоштор окуялардын келип чыгуу себептерине токтолуу менен өлкөнүн тарыхында чоң бурулуш болгонун айтышты. Апрель окуясында Жалал-Абад облусунан 9 адам каза болуп, 67си денесинен түрдүү жаракаттарды алышкан. КРнын Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү жыл сайын жергиликтүү бийлик тарабынан  курман болгондордун балдары, денесинен жаракат алган жарандар медициналык жардам жана дары-дармектер менен жеңилдетилген түрдө камсыз кылынып, аларга мүмкүнчүлүкө жараша колдоолор көрсөтүлүп  келе жаткандыгын белгиледи.

 

Материалды даярдаган: ЖАМУнун профкомунун кызматкери Нуржан Баитова