Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

«Студенттер - билимдүү, бирдиктүү Кыргызстан үчүн!»

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде 2021-2026-жылдары Кыргыз Республикасында Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепциясын, КРдин Президентинин “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө”, “Улуттук нарк жөнүндө" Жарлыктарын ишке ашыруу максатында жана КРнын ЖОЖдорунун ортосундагы академиялык мобилдүүлүк программасы боюнча кол коюулган декларациянын алкагында «Студенттер - билимдүү, бирдиктүү Кыргызстан үчүн!» достук фестивалы областтардагы жогорку окуу жайлар арасында өттү.

Фестивалдын жобосуна ылайык областтардан келеген 7 мамлекеттик университет: Ош мамлекеттик университети, Жалал-Абад мамлекеттик университети, Нарын мамлекеттик университети, Баткен мамлекеттик университети, Талас мамлекеттик университети, Ош гуманитардык-педагогикалык университети жана К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин студенттери катышып, концерттик программаларын тартуулашты.

Окуу жайдын ректору Кенешбек Усенов фестивалды ачып, достук фестивалынын уюшулуп жатканына 7 жыл болуп, бул жолу иш-чара ЖАМУнун 100 жылдыгына туш болгонун белгилеп, келген конокторго окуу жайдын басып өткөн жолун, ийгиликтерин баяндап берди. Ошондой эле шаардын вице-мэри, окуу жайлардын жетекчилери куттуктоо сөздөрүн да айтышты.

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин кесиптик бирлик комитети, комитеттин президиумунун 2023-жылдын 14-июнундагы №6 кеңешмесинин чечими боюнча университеттин жетекчилиги менен түзүлгөн эки тараптуу келишимдин алкагында, фестивалдын катышуучуларынын 16-17-18-июнь күндөрү Э.Уметов атындагы педагогикалык факультттин ашканасында жана Кара-Алма эс алуу борборунда тамак-аш менен камсыз болушун каржылап, студенттердин көңүлдүү эс алуусу үчүн жакындан көмөк көрсөттү.

Жетекчилер баштапкы кесиптик бирлик бюролору, комитеттин жаштар кеңеши уюштуруу иштеринде активдүү катышып, иш-чаранын ийгиликтүү өтүүсүнө жоопкерчиликтүү мамиле жасалгандыгын баса белгилешип, окуу жайдын кесиптик бирлик комитетине өз ыраазычылыктарын билдиришти.

 

Маалыматты даярдаган: ЖАМУнун кесиптик бирлик комитети