Дени сак эне - дени сак бала
Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин кызматкерлеринен куралган волейбол боюнча “ЖАМУ” курама командасы облустук, республикалык жана эл аралык турнирлерге чакыруу боюнча атктивдүү катышып келет.
Жакында Кара-Көл шаарында аялдардын коомдогу ордун жана активдүүлүгүн арттыруу максатында “Дени сак эне – дени сак бала” аталышындагы энелердин облустук турнири болуп өттү.
Турнирге университетибиздин командасы катышып, катышуучу командаларлын арасында биринчи орунду ээлешти жана турнирдин атайын кубогун жеңип алышып, дипломдор менен сыйланышты.
Маалыматты даярдаган: ЖАМУнун КБКнын кызматкери Н.Баитова