Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

Ден соолук – 2023: ОшМУ алдыңкы орунду багындырды

Ош мамлекеттик университети жана окуу жайдын кесиптик бирлик комитети тарабынан окуу жайдын 100гө жакын окутуучуларын Ысык-Көлдө өтүп жаткан билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринин "Ден соолук - 2023" спартакиадасына катышып келүүсү уюштурулду. Жыл сайын өтүүчү иш-чарада спорттун волейбол, футбол, стритбол, шахмат, ордо, стол тенниси, тогуз коргоол түрлөрү боюнча мелдештер орун алды.

Волейбол боюнча 40 жашка чейинки аялдар командасы 1-орун, эркектер командасы 1-орун, футзал боюнча 40 жашка чейинки эркектер командасы 1-орун, теннис боюнча аялдар командасы 1-орун, эркектер командасы 2-орунга ээ болду.

Ал эми шахмат боюнча аялдар командасы 1-орун, ордо боюнча 2-орун, стритбол боюнча эркектер командасы 3-орун, волейбол боюнча 40 жаштан жогору эркектер арасында эркектер командасы 3-орун, футзал боюнча 45 жашка чейинки команда 1-орунду жеңип алышты. Жалпы командалык эсеп менен ОшМУ 1-орунду ээлеп, калган командалардан алда канча алдыга чыкты.

 

Маалыматты даярдаган: ОшМУнун кесиптик бирлик комитети