Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

Үч тараптуу макулдашууга кол коюлду

Сузак райондук мамлекеттик администрациясы, Сузак райондук билим берүү бөлүмү жана Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Сузак райондук комитетинин ортосунда 2024-2026-жылдарга макулдашуу кабыл алынды.

Макулдашууга Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын башчы-акими Сыдыкназаров Баратбек Жалалбекович, Сузак райондук билим берүү бөлумүнүн башчысы Сариев Сопубек Камалович жана Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Сузак райондук комитетинин төрагасы Урайимов Нурмухамед Амирович кол коюшту.

Макулдашуу КР конституциясына, КР эмгек кодексине, “Социалдык өнөктөштүк жөнүндө” КР мыйзамына ылайык, “Билим берүү жөнүндө”, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Эмгекти коргоо жөнүндө” КР мыйзамдарын эске алуу менен социалдык өнөктөштүктү, эмгек мамилелерин жөнгө салууну чыңдоо жана өнүктүрүү максатында түзүлдү.

Мааалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Сузак райондук комитети