Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

Бүткүл дүйнөүк ВИЧ СПИД ылаңына каршы күрөшүү күнү

Б.Осмонов атындагы ЖАМУда Бүткүл дүйнөүк ВИЧ СПИД ылаңына каршы күрөшүү күнүнө карата иш-чаралар кесиптик бирликтин жаштар кеңешинин, жаштар комитетинин, медициналык пункттун дарыгерлеринин жана социалдык иштер боюнча атайын түзүмдөрдүн жетекчилеринин уюштуруусу менен байма - бай өткөрүлүүдө. Көч башында медицина факультети менен медициналык колледждин студенттери болушуп, башка адистиктердин студенттерине үлгү көрсөтүү менен ылаңдан сактануу, алдын алуу сыяктуу аракеттерди жүргүзүүнүн зарылдыгын түшүндүрүү аракетинде жөө жүрүшкө чыгышты.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн буйругуна ылайык “1-декабрь Бүткүл дүйнөлүк СПИД илдетине каршы күрөшүү күнүн” белгилөө максатында медициналык колледжинин студенттери арасында “Жаштар СПИДге каршыбыз” деген темада лекция өтүлдү. Анда Жалал-Абад областынын  СПИД борборунун дарыгерлери Мамашов Мыктыбек Кубанычбекович, Турдукулов  Нургазы Талипович тарабынан студенттерге ВИЧ/СПИД деген эмне?, СПИДдин жугуу жолдору, андан кантип сактануу керек, СПИДге кабылып калган адамга кантип жардам берүү керектигин, дүйнө жүзүндөгү, Кыргызстандагы статистика боюнча маалымат бериштип.

Сатар кызы Ширин, Калык кызы Гулида студенттерден “Слоновый экспресс на ВИЧ” деген анализ алышып, студенттерди да текшерүүдөн өткөрүштү,  көптөгөн маалыматтарды алышты. Тайпалар арасында 1-декабрь Бүткүл дүйнөлүк СПИД илдетине каршы күрөшүү күнүнө” карата студенттердин кол эмгегинен жаралган сүрөт көргөзмөсү да уюштурулду. Медициналык окуу жайы болгондугуна байланыштуу студенттер ар жылы ВИЧ/СПИД илдети  жөнүндө тынбай конок лекция, ар бир тайпага куратордук сабактар, адистиктер боюнча сынактар, тегерек столдор тынымсыз өткөрүлүп, сүрөт көргөзмөсү уюшулуп турат, ВИЧ/СПИД оорусун токтотууга ар бир жаран кайдыгер карабай, түшүндүрүү иштерин туура жүргүзүп туруу керек дейт - колледждин тарбия иштер боюнча директордун орун басары Г.И.Темирбаева.

Жалал-Абад колледжинин чет тили адистигинин студенттери, «Биз СПИДге каршыбыз!»- деген темада куратордук иш-чара уюштурушту. Иш-чараны ушул эле тайпанын кураторлору Назгул Айылчиева жана Маткасымова Гулбарчын ачып, бул оорунун тарыхына токтолуп, оору качан, кайда  пайда болгонун жана өздүк гигиена жана тазалык жөнүндө кеңири маалыматтар берилди. Студенттер топтордо иштешип, СПИД боюнча түшүнүктөрүн чагылдырган сүрөт көргөзмөсүн уюштурушту. Мындай иш-чаралардын болуп турушу студенттер үчүн көптөгөн керектүү жана пайдалуу маалыматтарды берет деп ойлойбуз – дешет уюштуруучулар.

Ушундай иш-чара башка факультеттерде да болуп өттү. Учурда ВИЧ, СПИД оорулары күч алып, дартка кабылгандардын саны жыл сайын арбып барат. Андыктан жаштарга туура маалымат жеткирүү менен бул оорунун алдын алсак болот деген ойдо бул иш-чара уюштурулду.

Студенттер атайын программанын негизинде СПИД боюнча баяндамаларды жасашып,оору жугузуп алуунун жолдорунан сахналаштырылган көрүнүш аткарып беришти. Андан сырткары оору кандай жол менен адамдан адамга кантип жугаары: СПИД илдетине кабылган донордун – кан берүүчүнүн канын пайдалангандан, ошол донордун каны куюлган медициналык аспаптан, жыныстык катнашуудан, бир канча кишинин бир ийнени пайдалануусунан жугуусу тууралуу түшүндүрмө берилди.

Ал эми СПИДди жуктуруп алган адамда алгач оорунун кандай белгилери пайда болот? Оорунун белгилери дароо билинбейт. Мындай абал айлап, жылдап созулушу мүмкүн. СПИДдин эң негизги белгиси болуп – адамдын организминин ар кандай ооруга каршылык көрсөтүүсүнүн – иммунитетинин алсызданышы, бузулушу боюнча студенттер маалымат алышты.

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун медицина факультетинин чоң жыйындар залында «1-декабрь Бүткүл дүйнөлүк АИВ (ВИЧ) жана СПИД оорусуна каршы» күрөшүү күнүнө карата жыйынтыктоочу иш–чара, 5-6 курстардын студенттеринин арасында уюштурулган мелдеш өткөрүлдү. Мелдештин ачылышында беш кишиден турган калыстар тобу бекитилип, 5-6 курстардын студенттери, медицина факультетинин салты болуп калган илимий-практикалык конференцияларынын өтмө илим ачкычын 1-курстун студенттерине тапшырышты. 

Таймаштын талабы боюнча, эки «Борцы» жана «ЗОЖ»  деген тайпаларга бөлүнүп жана беш баскычта күч сынашты. Калыстар тобунун чечими боюнча эң жогорку упайды, алтынчы курстун «Борцы» аттуу тайпасы алып, женишке жетти. Биринчи, экинчи орунду ээлеген тайпаларга акчалай сыйлык берилип жана «Ардак грамоталар» менен сыйланышты. 

 

Маалыматты даярдаган: ЖАМУнун КБКнын кызматкери Н.Баитова