Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

Биздин күчүбүз – бул биздин биримдигибиз!

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун кесиптик бирлик мүчөлөрүнүн социалдык-экономикалык маселелерин жогорулатууда, эмгек-укугун коргоодо жана университеттин аброюн көтөрүүдө университеттин жетекчилиги менен кесиптик бирлик комитетинин бирдиктүү иш-аракеттерин күчөтүү максатында жалпы чогулуш өткөрүлдү.

Жалпы чогулушка иш берүүчү жана иш берүүчүнүн өкүлдөрү, жалпы кесиптик бирликтин мүчөлөрү, тиешелүү областтык кесиптик бирлик комитетинин өкүлчүлүгү чакырылды. Чогулушта эки тараптуу жамааттык келишимде белгиленген макулдашуулар, атап айтканда: кызматкерлердин жумуш менен камсыз болушу, эмгек акы төлөө, эмгекти жөнгө салуу, эмгекти жана ден соолукту коргоо, кызматкердин социалдык кепилдиктерин жана бакубатчылыгынын өсүүсүн камсыз кылуу жөнүндө, окуу процессинин заман талабына ылайык жүргүзүү, материалдык-техникалык базанын талапка ылайык камсыз кылуу, окуу жайдын инфраструктурасын оңдоо жаатындагы  аткарылып жаткан жана келечектеги иш-пландар жөнүндө иш берүүчү, университеттин ректору Усенов Кеңешбек Жумабекович тарабынан кенен баяндама жасалды.

Кесиптик бирлик мүчөлөрү тарабынан берилген суроолорго иш берүүчү жана кесиптик бирлик комитетинин төрайымы жооп беришти. Кызуу талкуудан кийин, айтылган сунуштарды эске алуу менен жалпы жыйын: “ЖАМУда окуу процессин заман талабына ылайык жүргүзүүдөгү, материалдык-техникалык базаны талапка ылайык камсыз кылуудагы окуу жайдын инфраструктурасын жакшыртуудагы жана жамааттын социалдык маселелерин чечүүдөгү, тактап айтканда  эмгек акы төлөө, эмгекти жөнгө салуу, эмгекти жана ден соолукту коргоо, кызматкердин  социалдык кепилдиктерин жана бакубатчылыгынын өсүүсүн камсыз кылуу жаатындагы  иш аракеттер талапка ылайык  жүргүзүлүп  жаткандыгы белгиленсин жана ушул  багыттагы иш-чаралар менен биргеликте коомчулукта университеттин аброюн  көтөрүүгө жасалып жаткан иш аракеттер мындан ары да күчөтүлсүн“ - деген резолюция кабыл алды.

 

Маалыматты даярдаган: ЖАМУнун КБКнын төрайымы М.Маткаримова