Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

“БИЗ – XXI КЫЛЫМДЫН ИНТЕЛЛЕКТУАЛДАРЫ” форуму

2023-жылдын 25-апрелинде КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасы Асылбек Токтогулов “БИЗ–XXI КЫЛЫМДЫН ИНТЕЛЛЕКТУАЛДАРЫ” Эл аралык форумунун ачылышына катышты.

Форумда КР Билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Уланбек Усеков сөз сүйлөп, министрликтин атынан катышуучуларга ийгиликтерди каалап, форумдун 25 жылдык мааракеси менен кызуу куттуктады.

“Форум билим берүүнүн сапатын жогорулатууда, долбоордук, изилдөөчүлүк жана ойлоп табуучулук ишмердүүлүктү өнүктүрүүдө, ошондой эле жаштардын өлкөбүздүн социалдык-экономикалык көйгөйлөрүн чечүүгө практикалык катышуусунда чоң роль ойнойт”, - деп белгиледи министрдин биринчи орун басары Уланбек Усеков.

Белгилей кетсек, 24-28-апрель күндөрү Бишкекте өтө турган форумга Армения, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Азербайжандан келген 400дөн ашуун мектеп окуучулары жана студенттер катышууда.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Борбордук комитети жана КР Билим берүү жана илим министрлигинин пресс-катчылыгы