Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

БИМ: 2021-2023-жылдарга программа

Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары!

Окуучулар, студенттер,  ата-энелер  жана  балдардын  мыйзамдуу  өкүлдөрү,  педагогдор, тарбиячылар, окумуштуулар жана албетте, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр!

Кыргыз Республикасында билим берүү системасын өнүктүрүү боюнча үч жылдык программамды сиздерге сунуштоо мүмкүнчүлүгүм бар экендигине кубанычтамын.

Бизде азыркыбызды  жана  келечегибизди  бирге  өзгөртө  ала  турган  уникалдуу  мүмкүнчүлүк бар.  Билим  берүү  системасы,  илим  маанилүү  ролду  ойнойт,  анткени  адам  капиталы  жана  анын ийкемдүүлүгү  өлкөнүн  ийгиликтүү  өнүгүү  жана  өзгөрүп  туруучу  шарттарга  ыңгайлашуу жөндөмдүүлүгүн аныктайт.

Сунушталган идеялар сиздерди кызыктырат жана биз позитивдүү өзгөрүүлөргө жетишебиз деп үмүттөнөм.

Албетте, алдыбызда көптөгөн чакырыктар турат, абдан көп иштерди жасашыбыз керек, бирок биз сиздер менен оң натыйжаларга сөзсүз жетишебиз.

Урматтоо менен, А.Б. Бейшеналиев

 

Билим берүү жана илим министри А.Б.Бейшеналиевдин программасы