Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

Бильярд боюнча турнир жыйынтыкталды

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде “Ден соолук - 2021” спартакиадасынын алкагында бильярд боюнча турнир жыйынтыкталды. Турнирге университеттин бардык структуралык түзүмдөрүнүн кызыматкерлеринен түзүлгөн командалардын оюнчулары катышышып, жогорку чыңалуудагы оюндарды көрсөтүштү. Аларды колдоп келген күйөрмандар турнирдин шаңдуу өтүшүн камсыз кылышты.

Натыйжада төмөнкүдөй жыйынтык чыгарылды: Үчүнчү орунду медицина колледжинин окутуучусу Аманбай Айдаркулов, экинчи орунду окуу бөлүмүнүн  инспектору Эсен Турдубаевдер ээлешти. Ал эми  биринчи орунга Экономика-юридикалык факультеттин кызматкери, экономика илимдеринин доктору Садыралиев Жандаралы жетишип, бильярд боюнча ЖАМУнун чемпиону аталды. Жеңүүчүлөр жана активдүү катышуучулар турнирдин уюштуруучулары, ректорат жана профсоюз комитети, тарабынан атайын дипломдор, акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Ойноп, эс алып, ден соолукту чыңдайлы!

 

Материалды даярдаган: ЖАМУнун профкомунун кызматкери Н.Баитова