Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

Билим жана илим кызматкерлеринин спартакиадасы башталды

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ош областтык спартакиадасы 21-майда ОшМУнун спорттук базасында башталды. Спорттук мелдешке райондук, шаардык жана жогорку окуу жайларынан түзүлгөн командалар катышып жатат. Алар спорттун волейбол, кичи футбол, стритбол, ордо, шахмат, стол тенниси, тогуз коргоол сыяктуу 7 түрү боюнча мелдешет.

Оюндар 21-22-май күндөрү ОшМУнун педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин спорт комплексинде, табият таануу жана география факультетинин спорт залында өтөт.

 

Маалыматты даярдаган: ОшМУ КБКнын башкы адиси А.Айткулова