Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

Билим жана илим кызматкерлеринин спартакиадасы аяктады

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ош областтыккомитети тарабынан уюштурулган спартакиада 21-22-май күндөрү ОшМУнун педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин спорт комплексинде, табият таануу жана география факультетинин спорт залында өтүп, жыйынтыкталды. Спорттук мелдешке Ош шаарында жайгашкан 5 жогорку окуу жайдын өкүлдөрү катышып, спорттун 7 түрү боюнча мелдешти.

Жыйынтыгында жалпы командалык эсеп менен 1-орунду Ош мамлекеттик университети, 2-орунду Ош технологиялык университети, 3-орунду Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин командалары ээледи.

Жеңишке жеткен ОшМУнун командасы дээрлик бардык оюндарда 1-орунду багындырды:

Волейбол (агайлар) — 1-орун;

Волейбол (эжейлер) — 1-орун;

Шахмат (агайлар) — 1-орун;

Шахмат (эжейлер) — 1-орун;

Тогуз коргоол (агайлар) — 1-орун;

Тогуз коргоол (эжейлер) — 1-орун;

Стол теннис (агайлар) — 2-орун;

Стол теннис (эжейлер) — 1-орун;

Ордо (агайлар) — 1-орун;

Футбол (агайлар) — 1-орун;

Стритбол (агайлар) — 1-орун.

 

 

Маалыматты даярдаган: ОшМУ КБКнын башкы адиси А.Айткулова