Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

Баткен элине жардам берүү уланууда

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде уюштурулган “Биз Баткен эли менен биргебиз” марафонунда 100 000 сом акча каражаты топтолду. Аталган марафон окуу жайдын ректору Бекмурза Зулуевдин Жаштар Комитетинин демилгеси менен тарабынан уюштурулуп, ага бардык окутуучулар жана студенттер өз ыктыяры менен катышышып, өз салымдарын кошушту.

Марафондо азык-түлүк, үй тиричиликке керектүү буюмдар түрүндө да чогултулды. Ал эми топтолгон 100 000 сом акча каражатын окуу жайдын атынан Баткен районуна барып, муктаж болгон жарандарга берип келишти.

Үйлөрү өрттөнүп, турак-жайынан айрылган, ушул тапта атайын уюштурулган лагердин чатырларында күн кечирип жаткан 16 үй-бүлөгө жардам берилди.

Мына ушундай кыйын кырдаалда жардам берген окуу жайдын өкүлдөрүн КР Өкмөтүнүн Баткен областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфжан Тулаев жылуу кабыл алып, университеттин жамаатына ыраазычылыктарын билдиришти.

Белгилей кетсек бул марафондон сырткары ОшМПУнун эмгек жамааты өздөрүнүн 1 күндүк эмгек акысын да которушкан. Анын жалпы суммасы 350 000сомду түзөт. Ал да жабыр тарткан үй бүлөлөргө бөлүнүп берилген.

 

Маалыматты даярдаган: ОшМПУнун маалыматтык кызматы