Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

Балдарды коргоо күнү белгиленди

Ала-Бука районунун Борбордук маданият сарайынын асты шаңга бөлөнүп, балдарга арналган көрнөктөр илинип, музыкалар жаңырып турду. Көчө толтура окуучулар Кыргызстандын кооздугун чагылдырган ата-эне, достук, “Мекеним менин сүйүктүү жерим”, “Дүйнө балдары достошот” деген темаларда асфалтты толтура сүрөттөрдү тартып жатышты. Райондогу эки мектептен тышкаркы мекеменин окуучулары тарабынан балдарга арналган куурчактар жана башка улуттук буюмдар, окуучулар тарабынан ар түрдүү темада тартылган сүрөттөрдүн көргөзмөсү коюлду.

Маданият сарайынын ичинде Балдар чыгармачылык үйүнүн мугалим, окуучулары тарабынан уюштурулган концерттик программага Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Н.Сатаров өзүнүн орун басарлары менен жана райондогу мекеме-уюмдун жетекчилери, айыл өкмөтүнүн башчылары, райондун аймагынан окуучулар катышты. Алгач райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Н.Сатаров балдарды коргоо күнү менен куттуктап, элибизге аманчылык каалады. Келген мекеме-уюмдардын жана айыл өкмөттүн башчылары да жылуу сөздөрүн айтышты. Концерттик програма аяктагандан кийин мүмкүнчүлүгү чектелген окуучуларга белектер демөөрчүлөр  тарабынан таратылды. Соңунда райондун борбордук сейил багына жаңы коюлган атракциондор балдарды бекер тейлешти. Алар кубанычы койнуна батпай, ыраазы болуп тарашты.

 

Маалыматты даярдаган: уюштуруу тобу