Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

«Баатыр-энелер» күнү белгиленди

Соккон  жүрөк  чыга жаздап кабынан,

Өз баласын  артык көрүп баарынан.

Баласынын  миң түйшүгүн көтөрүп,

Эне кымбат, эне ыйык баарынан.

“Бейиш   энелердин таманы астында” деп да бекеринен айтылбаса керек. Биздин   ийгилигибизге чогуу кубанып, ар дайым  “балам” деп бизди ойлоп жүргөн энекелерибиздин ак сүтүн актоо эң чоң  милдет эмеспи...

Башканы эстебесек да, күн сайын апакебизди  сөзсүз эстейбиз. “Апакем кандай жүрөт экен, ден соолугу жакшы бекен?”  деген суроону ар бир адам күн сайын башында миллион жолу айландырса керек. Дүйнөдө канчалаган майрам, атайын белгиленүүчү күндөр бар. Бирок ар  бир күнү  апабыз жүрөгүбүздө болгон үчүн бардык  күн апакелердин күнү деп ойлойм. Майрамдардын  ичинен  эң  жакшысы   бул  “энелердин”   майрамы.

Энелердин майрамына карата  атайын көп балалуу жана жаш (Баатыр) энелерди Ош мамлекеттик университетинин профсоюз комитети майрамы менен куттуктап, акчалай белектер менен сыйлады.

Ош мамлекеттик университетинде учурда алты “Баатыр Эне” эмгектенет. Бизнес жана менеджмент факультетинин методисти Г.Сагымбаева  3 уул , 4 кыздын энеси, Медицина факультетинин китепканачысы А.Асанава  7 кыз, 1 уулдун энеси, Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин улук окутуучу Б.Забаева 7 кыздын энеси, Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин окутуучусу Ж.Тажибаева  6 кыз, 1 уулдун энеси, Педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин окутуучусу З.Бубаева  6 уул, 1 кыздын энеси, Юридика факультетинин окутуучусу А.Акматбекова  6 кыз, 1 уулдун энеси. “Баатыр Энелердин” эң улуусу 62 жашта, ал эми эң кичүүсү 38 жашта.

Агартуу тармагында үзүрлүү эмгектенүү менен үй-бүлөдө уул-кыздарды татыктуу тарбиялап келе жаткан энелерди ректор Кудайберди Кожобеков, окуу жайдын кесиптик кошуунунун төрагасы Абсамат Саттаров  “Энелер күнү” менен куттуктады.

 

Маалыматты даярдаган: ОшМУ КБКнын башкы адиси А.Айткулова