Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

Ардагерлерге жана мугалимдерге урмат-сый

Ош мамлекеттик университетинин кесиптик бирлик комитети карылар жана билим берүү кызматкерлеринин күнүн салтанаттуу белгилешти. ОшМУнун ректору Г.К.Кожобеков ушул күнгө чейинки болуп өткөн жана азыркы учурда активдүү болуп жаткан иш-чараларды айтып, келген конокторго жакшы маанай тартуулап, салтанатуу кечени ачып берди. Бул күнү алдыңкы мугалимдерге жана ардагерлерге акчалай сыйлыктартар жана Ардак грамоталар тапшырылды, кызыктуу оюн-зооктор менен коштолду. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин “Билим жана илим кесиптик бирлигинин мыктысы” төш белгиси менен ОшМУнун кадырлар бөлүмүнүн башчысы, п.и.к., доцент Г.Турдубаева, медицина факультетинин мурунку деканы А. Исмаилов жана Бизнес жана менеджмент факультетинин доценти К.Исманалиев сыйланышты. Андан сырткары областтык кесиптик бирлик комитетинин жана ОшМУнун кесиптик бирлик комитетинин Ардак грамотасы бир нече мугалимдерге ыйгарылды. ОшМУнун кесиптик бирлигинин төрагасы, биология  илимдеринин кандидаты, доцент А.Э.Саттаров жалпы жамаатты куттуктап, ийгиликтерди кааалады. Келген конокторго сый тамактар тартылып, оюндар уюштурулду, жеңүүчүлөрүнө байгелүү белектер берилди. “Мыкты лектор – 2021” конкурсунун  жеңүүчүлөрү ОшМУнун  дүйнөлүк тилдер жана маданият  факультетинин  англис тили жана грамматикасы  кафедрасынын  доценти  Айниса  Акматова жана МжИТО факультетинин  инфарматикалык  системалар жана  программалоо кафедрасынын окутуучусу Абдимиталип уулу  Кубатбек кырк миң (40,000) сом акчалай сыйлык жана Дубайга эс алуу үчүн жолдомого ээ болушту.

Салтанаттын катышуучулары билим берүү кызматкерлерине жана ардагерлерге көңүл буруп, алардын эмгектерин баалап, урмат-сый көрсөтүшкөндөрү үчүн университеттин жетекчилигине жана кесиптик бирликтин Борбордук комитетинин төрагасы А.Токтогуловго, окуу жайынын кесиптик бирлигине ыраазычылыктарын билдиришти.

 

Маалыматты даярдаган: ОшМУнун КБКнын башкы адиси А.Айтыкулова