Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

Адистерди тандоо базар экономикасынын шартында

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университеинин Табигый-техникалык факультетинин «Биология» кафедрасынын окутуучулары «Адистерди тандоо базар экономикасынын шартында» деген темада биология адистигинин бүтүрүүчүлөрү жана иш берүүчүлөр менен жолугушуу өткөрүштү.  Жолугушууга Жалал-Абад шаарындагы С.Давлетов атындагы №14 гимназия мектебинин админстрациясы, Сузак районундагы Э.Төрөбаев атындагы №63 жалпы билим берүүчүмектебинин директору Г.Бедиярова, Жалал-Абад шаардык консультациялык кызматынын директору С.Жайболотов, ЖАМУнун өндүрүштүк практика жана карьера бөлүмүнүн жетекчиси Н.Жолдошалиева жана областтын ар кайсы райондорундагы мектептерде иштеген биология адистигинин бүтүрүүчүлөрүкатышышты. Анда биология боюнча айрым көйгөйлөр жөнүндө ой бөлүшүп, өздөрүнүн сунуштарын беришти жана кесипкөйлөрдүн ортосунда окуу пландары жана окуу китептери боюнча кызуу талкуулар болду.

Иш берүүчү Жайболотов Сыргабек - жоопкерчиликтүү жаштарга долбоор менен иштөөнү үйрөтүп, аны практикада жүзөгө ашырууга көмөк көрсөтөрүн айтып, биргеликте иштешүүгө чакырды.

Кафедранын окутуучулары "Адамдын жана жаныбарлардын физиологиясы"  предметинен эксперименталдык иштерди жасоонун айрым  ыкмаларын жана  “Өсүмдүктөрдүн систематикасы” предметинен жергиликтүү флораны жыйноо ыкмалары боюнча  тажрыйба алмашышты.

Натыйжада бүтүрүүчүлөр  ищ берүүчүлөр менен макулдашып, адын ала кайсы мектептерде жумуш орундарын караштыруу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болушту.

 

Маалыматты даярдаган: ЖАМУ КБКнын кызматкери Н.Баитова