Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

"Адамдыкка сапар" дил-маек сериясы

“Cабатсыз болуп туруп, эркин болууну каалаган элдердин ойлогону ишке ашпайт”, “Креативдүү мектептер”, “Икигай”, “Фин керемети”, “Кылычсыз Самурай”. Сизге бул китептер таанышпы? Дал ушул китепти чет тилинен кыргызча которуп окурмандарга сунган Бакыт Абдуллаев Жаратмандын кезектеги коногу болду.

Дил-маек Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин "Жаратман" чыгармачылык борбору тарабынан уюштурулду. Семинар “Глобалдык атааңдаштык үчүн билим берүүнүн сапатын жогорулатуу” деген темада болуп, заманбап билим берүүнү өздөштүрүү боюнча кенен маалыматтар айтылды.

Баланы туура тарбиялоо, мектептин билим берүү системасы, кесипкөй адис болуу тууралуу мотивациялык түшүнүктөр берилип, тренер менен студенттер эркин форматта суроо-жооп менен темага байланыштуу маалыматтарды талкуулашты.

Белгилей кетсек Бакыт Абдуллаев учурда “Китепстан” басма үйүнүн директору, китеп дүйнөсүнө көптөгөн окурмандарды чакырып, кызыктуу ары креативдүү китептерди кыргыз тилине которуп, өлкөбүздүн билим берүү чөйрөсүнө чоң салым кошуп келүүдө.

 

Маалыматты даярдаган: ОшМПУнун басма сөз кызматы