Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Зыяндуулукту текшерүү

2022-жылдын 14-ноябрынан 18-ноябрына чейин Аксы районундагы билим берүү мекемелериндеги иштеген кызматкерлердин жумуш ордунда канчалык деңгээлде зыяндуулук бар экенин аныктоо үчүн атайын Ош шаарынан адистер келди. Алар райкомдун төрагасы С.Камчыбеков тарабынан чакырылып, зыяндуулуктун деңгээлин аныктоо, зыяндуу шарттар тууралуу түшүндүрмө берүү максатында чакыртылды. Оштон келген атайын адистер ар бир мектеп, бала бакчага барып, кайсы кызматкер канчалык денгээлде зыяндуу жумуштарда иштээрин аныктап кетишти. Алар менен чогу райкомдун төрагасы С.Камчыбеков да текшерүү иштерине катышты.

 

Маалыматты даярдаган: Аксы райондук профсоюз комитети