Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жылдын жыйынтыгына арналган иш-чара

    2017-жылдын 19-январында билим  жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад облустук комитетинин 2016-жылдын жыйынтыгына арналган кеӊейтилген программадагы иш-чарасы өткөрүлдү.

 

     Иш-чара тегерек стол формасында уюштурулуп, ага облустук, райондук, шаардык, мамлекеттик бийликтин, социалдык өнөктөштөрдүн өкүлдөрү, профсоюздун областтык кеӊешинин аппараты, тармактык обкомдордун төрагалары, райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары, профсоюздун райондук, шаардык комитеттеринин төрагалары, мугалим-Баатыр Энелердин өкүлдөрү, алдыъкы мектептердин директорлору, «2016-жылда профсоюз мүчөлөрүнө социалдык коргоону мыкты уюштурган профсоюздук комитет» Республикалык кароо-сынагынын облустук турунун жеӊүүчүлөрү чакырылды.

     Алгач сөз алган профсоюздун Жалал-Абад облустук комитетинин төрагасы А.А.Исмаилов 2016-жылда тармактык профсоюздун  Республикалык VI съездинин жана андан  кийинки пленумдарынын токтомдорун турмушка ашыруу жаатында обкомдун жүргүзүп жаткан иш-аракеттерине баяндама жасады.

     Кеӊири баяндама атайын чыгарылган китепке берилгендигине байланыштуу негизги учурларын гана белгилеп өттү.

     Кыргыз Республикасынын билим жана илим профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасы, педагогика илимдеринин кандидаты, профессор А.Т.Токтогулов иш-чаранын катышуучуларын жаӊы жыл менен куттуктап, ийгиликтерди каалады.

     Тармактык профсоюздун Борбордук комитети тарабынан аткарылган иштерди цифралык маалыматтар менен кеӊири баяндап берди.

     Ошону менен бирге профсоюз мүчөлөрүнүн социалдык-экономикалык кызыкчылыктарын коргоодо өнөктөштөрдүн таасирдүү ролун белгиледи.

     Бул маселеде Республикада жаралып жаткан алгылыктуу тажрыйбалар Жалал-Абад облусунда да бар экендигине да токтолду.

     Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин мугалимдердин айлык маяналарын көтөрүү, аттестациялоону талапка ылайык өткөрүү боюнча жүргүзүп жаткан иштерге басым жасады.

     Мыкты иштеген профсоюз мүчөлөрүнө  «Билим жана илим профсоюзунун отличниги» төш белгилери, Ардак Грамоталарды, облустук комитеттин  2016-жылдын «Ардактуу наамдарын» жеӊүүчүлөргө тапшырды.

     Профсоюздун Ош облустук комитетинин төрагасы, Борбордук комитетинин төрагасынын түштүк аймагы боюнча орунбасары С.А.Тойгонбаев сөз сүйлөп, «Профсоюз мүчөлөрүнө социалдык колдоону мыкты уюштурган комитет» Республикалык кароо-сынагынын облустук турунун жеӊүүчүлөрүнө дипломдорду жана баалуу белектерди тапшырды.

     Кийинки сөз мамлекеттик бийликтин, өнөктөштөрдүн өкүлдөрүнө берилди.

     КРнын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынан Э.Борубаев, Жалал-Абад шаарынын мэринин орунбасары Т.Темирбаев, Ноокен райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.Осмонов, «2016-жылдын даанышманы» Ардак наамынын ээси Т.Турганбаев, Сузак райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин орунбасары А.Раманкулова, райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчыларынын өкүлдөрү сөз сүйлөшүп, өнөктөштүктү өркүндөтүү менен билим берүү кызматкерлеринин социалдык-экономикалык маселелерин чечүүдө биргелешип иштөө-ийгиликке жол ача тургандыгын белгилешти.

      Катышуучулардын ичинен каалоочулар көйгөйлүү маселелерин да айтыштып, ынанымдуу жоопторду алышты.

     Тегерек столдун жыйынтыгында, Борбордук комитеттин төрагасы А.Т.Токтогулов сөз сүйлөп, ийгиликтерди бекемдеп, ички мүмкүнчүлүктөрдү толук ишке салып, алга жылуу боюнча баалуу ой пикирлерин билдирди.

Обкомдун уюштуруу бөлүмү