Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жылдын жеңүүчүлөрү жайкы эс алуу иш чараларын баштап беришти

          Ноокен районунун билим берүү бөлүмү менен  Билим  берүү   жана  илим  кызматкерлеринин  Ноокен  райондук  комитетинин ортосунда  түзүлгөн  МАКУЛДАШУУнун  негизги  багыттарынын  бири  болуп,  кесиптик  чыгармачылыкты  өнүктүрүү жана иш  тажрыйбаларды  жайылтуу максатында кароо-сынактарды  уюштуруу эсептелет. 2015-2016 окуу  жылы жыйынтыкталып, жылдын женүүчүлөрү  аныкталы. Алардын  катышуучулары болгон билим  берүү  кызматкерлери  28-29-июнь  күндөрү  “Арстанбап”   пансионатында райондук  комитеттин бюджетинин  эсебинен  2016-жылдын эс  алууларын баштап  беришти. Женүүчүлөрдүн  3-орунду алгандар  Аксы  районундагы  “Падыша-Ата” эс  алуу жайында,  2-орунду  алгандар  Талас облусундагы “Манас  Ордо”  тарыхый  этнографиялык  комплексында,  1-орунду  алгандар  Ыссык-Көлдө эс алышат.Республикалык олимпиаданын женүүчүсүн  даярдаган  №6 “Арал”  орто  мектебинин  химия  мугалими  Кансалат  Зыяшева Туркияда эс алат.

Материалды  даярдаган Ноокен  райКБКнын тескөөчүсү-А.Айдаров

Кароо-сынактын катышуучулары-“Арстанбап”  пансионатындагы ыйык Асан Булактын алдында жаны окуу жылында жогорку ийгиликтерге жетуу учун жакшы ниет менен суротко тушушту.