Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ЖЫЛДЫН МЫКТЫ ӨНӨКТӨШ ОКУУ ЖАЙЫ

     Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ош облустук комитети тарабынан жылдын мыктылары аныкталып, мында Ош гуманитардык-педагогикалык институту 2016-жылдын МЫКТЫ ӨНӨКТӨШ окуу жайы деп табылды. Сыйлык,  аталган комитетин жыл жыйынтыктоочу салтанаттуу кечесинде ОГПИнин ректору, профессор Б.Б.Зулуевге тапшырылды.

     Акыркы 5 жыл аралыгында Кыргызстандагы бир топЖогорку окуу жайларда заманбап шарттагы билим берүү системасына өтүп, Эл аралык байланышты күчөтүү сыяктуу  алгылыктуу иштердин өз нугуна түшкөнү барыбызга маалым. Албетте мындай көрүнүштөр мамлекеттин билим берүү тармагына дыкаттык менен көңүл бөлгөндүгүнүн белгиси.

     Ош гуманитардык-педагогикалык институту, педагогикалык багытта билим берүүчү,Кыргызстандагы жападан-жалгыз окуу жайлардын бири катарыӨлкөбүздүн түштүгүндөгү айрыкча тоолуу аймактардагы мектептерди  мугалим менен камсыз кылууда өзгөчө орду бар. Мындан сырткары шаардык, облустук, Республикалык жана Эл аралык деңгээлдеги ар кандай илимий, коомдук-маданий иш-чараларда өзүнүн ынтымактуу жамааты, билимдүү, чыгармачыл студенттери менен өзгөчөлөнүп, алдынкы ЖОЖдордун катарына кошула алды.

     Институттун өткөн жылдардагы  ийгиликтери туурасында айта турган болсок, Ош шаарынын мэриясы тарабынан “Мыкты мамлекеттик тилде жасалгаланган окуу жай”, “Мыкты түнкү жарыктандырылган имарат”, ошондой эле ректор Б.Б.Зулуев президентибиздин Ардак грамотасы менен сыйланышы, ОшТв теле-радио компаниясы тарабынан “Жылдын мыкты ректору-2016”, Өкмөттүн Оштогу ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү тарабынан “Жылдын мыкты окуу жайы-2016” жана башта белгиленгендей “Жылдын мыкты өнөктөшү” сыяктуу сыйлыктардын ыйгарылышы албетте эмгек жамаатты жана студенттерди кубандырбай койбойт. Мындай кубанычты камсыз кылууда, окуу жайда жамааттын ынтымактуулук менен жигердүү иш алып баруусунда, студенттер үчүн жагымдуу шарттардын түзүлүшүндө жана аталган жетишкендиктерди багындырууда албетте институттун ректору п.и.к., профессор Зулуев Бекмурза Бекболотовичтин өз ишин сүйгөн,  өзгөчө жетекчилик сапат  менен иш алып барган, мыкты башчы катары эмгеги зор.