Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Жылдын мыкты мугалимим-2017» кароо-сынагы Кара-Суу районунда чыгарылды

     2017-жылдын 27-28-март күндөрү «Жылдын мыкты мугалими -2017» кароо-сынагынын райондук этабы  болуп өттү. Кароо-сынакка аймактардан жеӊүүчү болгон 17 алдыӊкы мугалим райондук этапка катышышты. 27-март күнү канкурсанттар сабактарын өтүштү  эӊ жакшы деген 11 канкурсант 28-март күнү  экинчи турда калган критериялар боюнча кароо-сынакты улантышты. Жыйынтыгында 131,8 балл  менен 1 орунга Ш. Интернационал орто мектебингин ангилис тили мугалими Турдиева Бегимай, 126.35 балл менен А.Сматов атындагы орто мектебинин тарых мугалими Түркбаева Самара 2 орунду,  ал эми 3 орунду 119,85 балл менен М.Сабиров жана Чолпон атындагы орто мектептеринин мугалимдери Тулебаева Кандалат менен Буваходжаева Дильфузалар жеӊип алышты. Кара-Суу райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын фондунан 1 орунду жеӊип алган Ш. Интернационал орто мектебингин ангилис тили мугалими Турдиева Бегимайга  Кара-Суу райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Жороева Мехринса Өсөровна 30 000 ( отуз миӊ) сомго сертификат тапшырды. Кара-Суу райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитети тарабынан 2 орунду жеӊип алган  № 44 А.Сматов атындагы орто мектебинин тарых мугалими Түркбаева Самара муздаткыч, 3 орунду жеӊип алышкан  М.Сабиров жана Чолпон атындагы орто мектептеринин мугалимдери Тулебаева Кандалат менен Буваходжаева Дильфузаларга түстүү телевизор,  кароо-сынакка   катышкан 13 канкурсанттын ар бирине  баалуу белектерди Кара-Суу райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Жакыпов Памирбек  тапшырды.