Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жылдын мыкты тарбиячысы

Базар-Коргон районундагы Т.Мамажанова атындагы №8 мектепке чейинки билим берүү уюмунда “2024-жылдын мыкты тарбиячысы” кароо сынагы болуп өттү.

Иш чарага Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Базар-Коргон райондук комитетинин төрагасы С.Жаркымбаев, Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары Г.Абдукаримов, райондогу 49 мектепке чейинки билим берүү уюумдарынын ичинен тандалып алынган, айыл аймактардан келген тарбиячылар катышты.

Кароо сынак жакшы өтүп, жыйынтыгында жеңүүчүлөр аныкталды.

I орун №33 Айшоола балдар бакчасынын тарбиячысы И.Эсеналиева,

II орун №38 Гулдесте балдар бакчасынын тарбиячысы Г.Сыдыкакунова,

III орун №48 Келечек балдар бакчасынын тарбиячысы М.Борбуевага ыйгарылды.

Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары Г.Абдукаримов, Базар-Коргон райондук комитетинин төрагасы С.Жаркымбаев “2024-жылдын мыкты тарбиячысы”  кароо сынагынын жеңүүчүлөрүн   куттукташты. I орунду алган №33 Айшоола балдар бакчасынын тарбиячысы И.Эсеналиевага облустук турга катышууга жолдомо берилип, ийгиликтерди каалашты.        

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Базар-Коргон райондук комитети тарабынан “2024-жылдын мыкты тарбиячысы” кароо сынагынын жеңүүчүлөрүнө жана катышуучуларына кызыктыруучу сыйлыктар  тапшырылды.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Базар-Коргон райондук комитети