Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

"Жылдын мыкты тарбиячысы" сынагы болуп өттү

“Жылдын мыкты тарбиячысы” сынагынын райондук туру Лейлек райондук билим берүү бөлүмү, Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнүн алдындагы окуу усулдук каанасы жана Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Лейлек райондук комитетинин көмөгү менен мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын тарбиячыларынын катышуусунда өткөрүлдү. 

Сынактын максаты:

Мектепке чейинки билим берүүнүн потенциалын кеңейтүү;

Алдыңкы педагогикалык тажрыйбаны жайылтуу;

Эң мыкты таланттуу, чыгармачылык менен эмгектенген тарбиячыларды эмгекке шыктандыруу, кесипке болгон кызыгуусу үчүн аларга жеткиликтүү шарттарды түзүп берүү. Тарбиячылардын чыгармачыл деңгээлин көтөрүү;

Коомчулуктун арасында тарбиячылардын кадыр – баркын жогорулатуу;

Сынакта региондук турдун жеңүүчүлөрү ат салышып, калыстардын тандоосу менен жыйынтыгында:

1- орунду "Алтын Таажы" МЧББМнин тарбиячысы - Абдукагарова Гулзада ээлеп, "МЫКТЫ ТАРБИЯЧЫ-2024" титулун тагынып, областтык турга катышууга жолдомо алды. 

2- орунду "Балалык" МЧББМнин тарбиячысы - Азимова Самара; 

3- орунду "Сейтек Максат" МЧББМнин тарбиячысы -Абылкасымова Турдугул ээледи. 

Байгелүү орундарды ээлеген катышуучуларга Лейлек  райондук билим берүү бөлүмүнүн Ардак грамотасы  жана Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Лейлек райондук  комитетинин баалуу белектери тапшырылды.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Лейлек райондук комитети