Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Жылдын мыкты тарбиячысы -2024”

Ноокат районунда “Жылдын мыкты тарбиячысы-2024” кароо сынагынын райондук туру 10 талапкердин катышуусунда болуп өттү.

Кароо-сынакка Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Н.А.Касымова, билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ноокат райондук комитетинин төраймы Н.К.Тажибаева, Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын  усулчусу Ш.Ташполотов катышты.

Жыйынтыгында билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ноокат райондук комитети тарабынан 1-орунду ээлеген талапкерге 1-даражадагы диплом, Жалал-Абад санаториясына дем алып келүүгө жана областтык турга катышууга жолдомо берилди. 2-3-орунду ээлешкен талапкерлерге 2-3-даражадагы диплом менен  баалуу кол сааттар ыйгарылды.

Андан сырткары “Мыкты сабак”, “Мыкты мастер класс”, “Мыкты презентация”, “Мыкты партфолио” наамдары менен, Ардак  грамоталар жана кызыктыруучу баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.

 

Маалыматты даядаган: Кесиптик бирликтин Ноокат райондук комитети