Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Жылдын мыкты тарбиячысы-2024» кароо-сынагынын жыйынтыгы

Көк-Жаңгак шаардык мектепке чейинки билим берүү бөлүмдөрүндө «Жылдын мыкты тарбиячысы-2024» кароо-сынагы болуп өттү.

Сынакка шаар боюнча 5 балдар бакчалардан 5 тарбиячы катышты.   

Сынактын катышуучулары өздөрүнүн жылдык иш планын, иш кагаздарын толук көргөзүү, педагогикалык суроолорго жооп берүү, окуучулар менен иштөө сабактарын көрсөтүштү.

Кароо-сынактын максаты шаардагы мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин иш-мерчемдерин жайылтуу, окуу-тарбия иштерин уюштуруу жана өстүрүү үчүн шарт түзүү болуп саналат.

Сынактын жеңүүчүлөрүнө шаардык билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин комитетинин төрайымы Рысмамбетова Жумакан Арзиевна тарабынан Ардак грамота жана баалуу белектерди тапшырды.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Көк-Жаңгак шаардык комитети