Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Жылдын мыкты тарбиячысы-2023»

2023-жылдын 29-апрелинде КР билим Берүү жана илим министрлигинин буйругунун негизинде бекитилген Жобого ылайык, Кадамжай районундагы мектепке чейинки билим берүүчү мекемелердин педогогикалык кызматкерлеринин арасында “Жылдын мыкты тарбиячысы-2023” кароо-сынагы өткөрүлдү.

Кароо-сынактын негизги максаты-тарбиячылардын педагогикалык чыгармачылык дараметин жогорулатуу, алдынкы тарбиячыларды аныктап, аларга стимул берүү жана колдоо аркылуу алдыңкы тажрыйбаны жайылтуу.

Сынактын жүрүшүндө Кадамжай райондук ксиптик бирлик комитетинин төрагасы А.Момошов, Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын билим берүү тармагын жетектөөчү адиси  З.А.Иризматова, ”Бактылуу балдар” мектепке чейинки баштапкы кесиптик бирлик уюмунун  директору С.Н.Мамарасулова, “Нур мектепке чейинки баштапкы кесиптик бирлик уюмунун тарбиячысы Ш.Кудайкулова жана А.Масалиев айылдык орто мектебинин башталгыч классынын мугалими Н.М.Ормонова калыстар тобуна мүчөлүк кылышты.

Сынактын жүрүшүндө I орунду “Көгүчкөн Кайтпас” бала бакчасынын тарбиячысы Р.Абдубаннопова, II орунду “Ак ниет Алыш” бала бакчасынын тарбиячысы А.Маматалиева, ал эми III орунду “Дюймовочка” бала бакчасынын тарбиячысы Г.Камбарова камсыз кылышты. 

Кароо-сынактын соңунда Кадамжай райондук мамлекеттик администрация башчысы, акимдин орун басары М.Асанова, Кадамжай райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ж.Орозбаев, Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Кадамжай райондук комитетинин төрагасы А.Ю.Момошов  жеңүүчүлөргө дипломдорду тапшырышты.

Ал эми  Кадамжай райондук кесиптик бирлик комитети тарабынан бардык катышуучуларга сыйлуу белектер тапшырылып, жай айына “Көгүлтүр Ысык-Көл” санаторийине беш күндүк жолдомо берилди.

 

Маалыматты даярдаган: Кадамжай райондук кесиптик бирлик комитетинин уюштуруучу адиси У.Халилова