Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Жылдын мыкты тарбиячысы - 2023»

2023-жылдын 25-26-апрель күндөрү Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин буйругунун негизинде бекитилген Жобого ылайык, Сүлүктү шаарында мектепке чейинки билим берүүчү мекемелердин педагогикалык кызматкерлеринин арасында “Жылдын мыкты тарбиячысы -2023” кароо сынагы өткөрүлдү.

Кароо-сынактын негизги максаты: тарбиячылардын педагогикалык чыгармачылык дараметин жогорулатуу, алдыңкы тарбиячыларды аныктап, аларга стимул берүү жана колдоо аркылуу алдыңкы тажрыйбаны жайылтуу.

Кароо-сынактын жобосу билим берүү бөлүмү жана кесиптик бирликтин шаардык комитети менен иштелип чыгып, ар бир мекемеде кароо сынактын алгачкы этабы өткөрүлдү. Андан жеңишке жеткен тарбиячылар шаардык этабына катышууга мүмкүнчүлүк алышып, жалпы шаардагы 7 мекемеден 6 тарбиячы тандалып чыкты.

Сынактын биринчи күнүндө  катышуучулардан педагогикалык-психологиялык тест алынып, тарбиячылардын өздүк иш кагаздары каралды. Ал эми экинчи күнүндө чыгармачылык көргөзмө, ишмердүүлүгүн презентация аркылуу тааныштыруу, мастер класс жана музыкалык блок аркылуу ат салышышты.

Сынактын жүрүшүндө Сүлүктү шаардык мэриясынын өкүлү, мэриянын адиси Ч.Джумагулова, билим берүү бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Н.Ырысова, усулкаана башчысы Т.Каюмова, усулчу У.Амирова жана БатМУнун ага окутуучусу, педагог З.Расулова калыстар тобуна мүчөлүк кылышты.

Кароо-сынактын жыйынтыгында эң жогорку упай менен “Сүлүктү-Келечек” бакчасынын тарбиячысы С.Кадырова “Жылдын мыкты тарбиячысы” наамына татыса, II орунду “Сүлүктү-Жеткинчек” ясли бакчасынын тарбиячысы Авазбек кызы Айдана ал эми III орунду “Наристе-Сүлүктү” бакчасынын тарбиячысы Ш.Хамданова камсыз кылышты.

Жеңүүчүлөр шаардык билим берүү бөлүмү жана кесиптик бирлик комитетинин дипломдору кызыктыруучу белектер, ал эми активдүү катышуучулар грамотага жана баалуу белектер менен сыйланышты.

Катышуучуларга кесиптик бирликтин Сүлүктү шаардык комитети тарабынан ар бир катышуучуга Абшыр-Ата, Ош жана Сары-Челекке 3 күндүк саякаттоо  сертификаты тапшырылды.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирлигинин Сүлүктү шаардык комитетинин төрагасы К.Кудаяров