Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

"Жылдын мыкты тарбиячысы - 2023" кароо-сынагы

2023-жылдын 21-сентябрында  Баткен шаарында "Жылдын мыкты тарбиячысы-2023" кароо-сынагынын областтык туру болуп өттү. Баткен областтык билим берүү усулдук борборунун иш планын негизинде уюштуруу тобу түзүлүп, кароо-сынак эки этапта өткөрүлдү. Биринчи этабында катышуучулар өз предметтеринен жана педагогика, психология боюнча онлайн форматта тест тапшырышты. Андан соң Баткен шаарындагы «Алтын-Бешик» мектепке чейинки билим берүү мекемесинде ачык сабактар өтүлдү. Ал эми кароо-сынактын экинчи этабы Баткен мамлекеттик университетинин базасында өткөрүлүп, ал жерде катышуучулар мастер класс, өзүн-өзү таныштыруу жана өздөрүнүн хоббилерин көрсөтүштү. Бул кароо сынакка  Кадамжай, Лейлек райондорунан жана Сүлүктү, Кызыл-Кыя, Баткен шаарларынан мыкты деп тандалган тарбиячылар катышып, өздөрүнүн мыкты тарбиячы жана көп кырдуу талант экендиктерин далилдешти.  Жыйынтыгында баардык катышуучулар Баткен областтык билим берүү усулдук борборунун дипломдору жана Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен областтык комитетинин баалуу белектери менен сыйланышты.

 

Маалыматты даярдаган: кесиптик бирликтин Баткен областтык комитетинин уюштуруу иштери боюнча адиси Гапарали у.Мансур